Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен социалдык объекттерди кайтаруу боюнча өкмөткө жана Башкы прокуратурага сунуштады.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен билим берүү, саламаттыкты сактоо объекттерин мамлекетке кайтаруу маселесин карап чыгуу керектигин айтты. Ошондой эле бул маселеге тиешеси барлардын жоопкерчилиги каралышы зарыл деген пикирин билдирди.
КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков жоопкерчиликке объекттерди алгандар эмес, бергендер тартылышы керектигин белгиледи.
Жыйынтыгында депутаттар айтылган сунуштарды колдоп, өкмөткө жана Башкы прокуратурага тапшырма беришти.