КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков өлкөдө жер семирткичтерди өндүргөн заводдордун жок болгону жакшы деген оюн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, түшүмдү минералдык жер семирткичи жок эле алса болот.
“Жер семирткичтерди колдонбой эле жакшы түшүм алса болот. Бирок азыр эмес, келечекте. Азыр минералдык жер семирткичти колдонбой коё албайбыз. Бул факт”, - деди депутат.
"Bio.kg" органикалык кыймыл федерациясынын директору Искендер Айдаралиев жерлерди алмаштырып туруу зарылдыгын белгиледи. "Мисалы, Талас облусунда 80 пайыз төө буурчак эгилет. Жерге жыл сайын бир эле үрөн себүүдөн түшүм "оорулуу" болуп калышы мүмкүн. Жердин асылдуулугун жогорулатуу үчүн жерди алмаштырып туруу керек. Биз андай нерсени унутуп калдык", - деди Айдаралиев.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде органикалык айыл чарбасынын абалы, мүмкүндүктөр, тоскоолдуктар жана келечектеги багыттары жөнүндө маселе каралып жатат.