Эми өкмөт башчы Ошко катардагы авиакаттам менен учуп барды

Бүгүн, 7-майда Бишкек-Ош аба каттамы боюнча саат 07:30 чамасында учкан жүргүнчүлөр премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен чогуу учушту. Мындай кабарды социалдык тармактын колдонуучулары жазып, сүрөт видеолорун жүктөштү.

Интернет колдонуучулар өкмөт башчы учак конгондон кийин 10 мүнөткө жетпей түшүп кеткенин жазышууда. Өкмөт башчынын эл учкан учак менен учканы талкуу жарата баштады. Айрымдары: "Эми президент учкандан кийин өкмөт башчы да учууга аргасыз болду" дешсе, арасында: "Жетекчилердин мындай үлгүнү көрсөтүп жатышы жакшы, калк менен аралашып жүрүүгө, көйгөйлөрдү көрүүгө шарт түзүлөт", - дегендер да бар.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына бүгүн, 7-майда иш сапары менен кеткен.

Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков да Ошко катардагы авиакаттам менен учуп барганы кызуу талкууланган эле.

 

 

Абылгазиев Ошко эл менен кошо учту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Azat.97
2018-05-07 14:31:14
Шапкесин ылдый кылган байкебиз не кылып атты болду экен коруп алып
+7
Kg-samsung
2018-05-07 23:48:40
Azat.97,ал уялып уйунон чыкпай калган
+1
Jango
2018-05-07 14:37:06
Бул шадиевдин акчасы менен биз тышкы карызды кутулуп алсак болгудай
+12
Tyty1990
2018-05-07 14:42:30
Уялган депутат кайда экен
+4
Dembele84
2018-05-07 14:45:55
Бул го мейли,наркы Шадиев деген киши мамлекетти курутуп эле буткон экен да,ошончо да беш колун оозуна тыгабы?Талкуу жабык экен ушул жака жаздым ))) ХХХХХХХХ
+6
fantomas
2018-05-07 14:51:13
Окмот башчысы менен мучолоруно отдельный самолет бергидей Кыргызстан Кытай же АКШ эмес го?!! Ушул турган Ошко атайын самолет жалдаса олгон экен го?!!

Эл катары, эл чыккан самолет менен учкусу келбесе, анда кок эшек менен кетишсин....
-2
abdamit
2018-05-07 16:12:30
fantomas, ХХХХХХХХХ ХХХХХХХ жакшы сөз чыгабы?
-1
admin_superstan
2018-05-07 16:41:20
abdamit, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
+1
Patriot...kg
2018-05-07 14:51:49
Камагыла Шадиевди, 5 колун тең мурдуна тыгып алыптырго
+6
Nada
2018-05-07 15:14:44
Эл менен учканыго жакшы бирок премьер келет саат ондон бери кочодо толо милиция жолдорду жаап ыссыкта турушат. Бечаралар обед да кылышпай ыссыкта турат
+6
momun74
2018-05-07 15:28:23
Nada,ошентип бардык ментти жолго тизген оштун губернаторуда жон эле элдей тосуп алса болтго коркушатда эл астынан чынып балп этсе артыбыз ачылат деп менттерди тизди
+3
pero123
2018-05-07 15:15:08
ошо блин оштун бардык жагы мент гаи каптан кетиптир пробка кылып жолду таң атбай
+5
kechirmeni
2018-05-07 15:25:46
тан ааай... Чондордун камалышына эч ишене албайм. Камалганда эле камалды дебесе, Чондордон оппозиционерлер бийликке жакпагандар эле камалбаса, башкалары ооруп калат же уй камагы же качып кетет же иш козгобойт Раимге окшоп
+5
kechirmeni
2018-05-07 15:27:05
ошо бугун эзели турбаган жерлерде ГАИ туруп калган экен эле корсо премьер келет экен эле да
+2
altyn7776
2018-05-07 15:36:51
Молодец! Премьер да ошого...пример корсотуш керек. Ушул калыбынардан жазбасанар, жепжутат соройлор да депутатский корпус кылып койрондонбой учуп калышмак...
-1
Кайрат
2018-05-07 15:44:31
Учушу го учуптур бирок жана эле фуркатта гаилер биздин тар көчөгө чоң фураларды буруп жолду тазалап аткан эле машина менен араң чыканбыз. көрсө баш бакан акебиз келген экен эле да.
0
PeRa
2018-05-07 16:07:51
Телохранителдери, милиция закондо жазылган милдеттерин аткарып жатышат да, аткарбай койсо аны да жазасынар. Эч ким кайтарбасын деп законду озгортуш керек анда.
-1
Atas
2018-05-07 16:34:14
Ош-Бишкек жолу кооптуу жана алыс болгондуктан сомолет менен барды
0
Dembele84
2018-05-07 20:18:06
Мен каршы эмесмин,эгерде элдин жашоосун ондоп,экономиканы которуп коюп,оздору жалгыз бизнес класста учса уча берсин.Бирок буларга чейинки нан жебес депутат министрлер тайрандап каалаган жака учуп журушкон,кылган ишинен дайыны жок.Эч ким унчуккан эмес!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан