Журналистти өлтүрүүгө буюртма берген Жаныш Бакиев гана соттолуп, буйрукту аткарган 4 адам акталып чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда журналист Сыргак Абдылдаевдин соттук иши тууралуу маалымат жыйында Кыргыз өлкөсүндөгү "Элдик кошуундардын бирикмесинин" төрагасы Алга Кылычов айтты.
2009-жылдын 3-мартында журналист Сыргак Абдылдаевге 4 адам 29 жолу бычак сайып кетишкен. Анын кесепетинен Абдылдаев оор жаракат алып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга айланган.
"2009-жылы журналист Сыргак Абдылдаевди мыкаачылык менен бычактап кеткен окуя боюнча сот Термечиков туура эмес чечим чыгарган. Анткени жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө кармалгандар Абдылдаевди өлтүрүүгө Жаныш Бакиев буюртма бергенин айтышкан. Буюртма берген Жаныш Бакиев гана соттолуп, буйрукту аткарган Алматов, Парманкулов, Уметов жана Сооданбековдорду сот "кылмыш иштин мөөнөтү эскирип кетти" деп актап койгон. Бирок Абдылдаевге карата жасалган саясий кылмыштын эскирүү мөөнөтү 2019-жылдын 3-мартында күчүнө кирмек", - дейт Кылычов .
Ошондой эле ал сот Термечиков бул чечими менен кылмыш жасады жана сот адилеттүүлүгүнүн негизги принциптерин бузду дейт.
"Эгерде анын өмүрүнө кол салган адамдар тийиштүү жазаларын албаса, Сыргак Абдылдаевдин мыйзамдуу талаптары аткарылбаса, ал Щвеция өлкөсүнүн жараны катары ал өлкөнүн адвокатурасы аркылуу эл аралык сотко кайрылуу менен мыйзам чегинде өз укуктарын коргоого аргасыз болорун эскертип кетким келет", - дейт ал.
Андан сырткары журналист Сыргак Абдылдаевге ошол учурда алган жаракатына байланыштуу жакынкы күндөрү Щвецияда 7-ирет операция жасала турганын айтат.