Орусияда Владимир Путин президенттик ишине киришти

Бүгүн, 7-майда Орусияда Владимир Путиндин президенттик кызматына киришүү аземи өтүп, ал өз ишин баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал 4-жолу ант берди. Аземге 5 миңге жакын адам катышты. Путин өз сөзүндө мекенге жана элге кызмат кылуу анын максаты экенин айтты.

Аталган иш-чарага Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев катышканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 5-майда Орусиянын Москва жана бир катар башка шаарларында "Ал бизге падыша эмес" деп аталган акция өтүп, анда 1600 катышуучу кармалган.

Эске салсак, Орусияда 18-мартта президенттик шайлоо өткөн. Анда Владимир Путин добуштардын 76,7 пайызын алып, жеңип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан