КСДПнын мүчөлөрү Албек Ибраимовду колдоп митингге чыга турганы айтылууда

КСДПнын мүчөлөрү Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду колдоп митингге чыгыша турганы айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда айрым маалымат каражаттары жазып чыкты.

Аталган партиянын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына бул боюнча маалыматтары жоктугун билдирди.

Коомчулукта Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу сөз болгон. Бирок ал арыз жазбаганын шаардык кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирген.

КСДП партиясынын курултайы 31-март күнү Бишкектеги мейманканалардын биринде өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев партиянын саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан