Бүгүн, 7-майда Орусияда Владимир Путиндин президенттик кызматына киришүү аземи өтүп, өлкөнүн өкмөтү отставкага кетти. Бул тууралуу өлкөнүн министрлер кабинетине таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Владимир Путин өкмөт башчы кызматына Дмитрий Медведевдин талапкерлигин кароону Мамлекеттик Думага сунуштады. Парламент макулдугун берген соң премьер-министр президентке өзүнүн орун басарларынын жана федералдык министрлердин талапкерлерин сунушташы керек.
Медведев премьер-министр болуп 2012-жылдын 8-майынан тарта бүгүнкү күнгө чейин иштеген. 2008-2012-жылдары ал президент кызматын ээлеген. Өлкө башчылыкка чейин Медведев президенттик администрациянын төрагасы жана өкмөт башчынын биринчи орун басары болгон.