Согуш убагында Варшавага чейин жеткен ардагер президентке “Өмүрдөгү ак жол” китебин белек кылып, батасын берди

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда Жеңиш күнүнүн алдында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров менен учурашып келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы ардагерди келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, өлкөгө кылган көп жылдык кызматы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

"Сиз сыяктуу адамдардын арты менен биз бүгүн Жеңиш күнүн белгилеп жатабыз. Сиздин муундун каармандыгы менен өлкөбүз согуштан кийинки кыйынчылыктарды жеңип чыкты. Майдандан жеңиш менен кайтып келип, сиз өлкөбүз үчүн кайратмандык менен эмгектендиңиз", - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, кыргызстандыктардын эсинде түбөлүккө сакталып калганын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ардагер аксакал менен дасторкон четинде жылуу маектешип, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу эмнеге муктаж экенине кызыкты. Маектешүү учурунда агрардык сектордун көйгөйлөрү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болду.

Мамлекет башчысы Корчубек Акназаровдун бай тажрыйбасы, көптү билгени жана акыл-кеңештери өзгөчө баалуу экенин айтты. “Сиздин өрнөктүү өмүрүңүз, бийик парасатыңыз, эмгекчилдигиңиз жана жупунулугуңуз азыркы бардык жетекчилер үчүн үлгү", - деди президент.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Корчубек Акназаров куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, согуштагы окуяларды, от күйгөн согуш кезинде жана андан кийинки оор жылдары эл башынан өткөн оорчулуктарды эскерди жана азыркы муундарга акыл-насаатын айтып, батасын берди.

Ардагер аксакал Кыргыз жарандарын биримдикте болууга, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты көздүн карегиндей сактоого чакырды жана мамлекет башчысына өзүнүн “Өмүрдөгү ак жол” аттуу китебин белекке берди.

Корчубек Акназаров 1-Беларусь фронтунда согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. 1946-жылы майдандан туулган жерине кайтып келип, Чаткал районундагы К.Маркс атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган. Андан соң ал бүт өмүрүн партиялык ишке арнап, 30 жылдан ашуун жетекчилик кызматтарда – Кыргыз Компартиясынын Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондук комитеттеринин биринчи катчысы болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2018-05-07 20:22:28
Азаматсыз ушинтип ар дайым эл менен,биздин төрүбүз болгон аксакалдардын батасын алып жүрө бериңиз.
+1
Zainidin96
2018-05-07 22:16:52
Корчубек акназаров ошондо Чаткал районунда торолгонбу интересно азыр биздин райондо бир дагы ардагер калбады баары каза болуп калышты жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун
0
Zainidin96
2018-05-07 22:17:32
Урматтуу админ бул ардагер чаткалдыкпы ошондо ыя
0
talas0707
2018-05-07 23:20:22
Акназаров таластын кызыл октябрь айылынан. Ошол райондордо аким болуп иштеген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан