Окуучулар эсин жоготуп жыгылып жаткан Кочкор районундагы Туз айылдык орто мектеби жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 7-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн райондук администрация тарабынан башка имарат берилди.
"Райондук администрация тарабынан башка имарат бөлүнүп берилип, имарат билим алууга ылайыкташылган. Учурда окуучулар билим алуусун Туз айылдык орто мектебинде эмес, жаңы бөлүнүп берилген имаратта улантышууда", - деп билдиришти министрликтен.
Белгилей кетсек, буга чейин Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбеков SUPER.KG порталына Туз айылдык мектебинде окуучулардын баш оорусу көбөйүп, айрымдары эсин жоготуп жыгылып жаткандыгын билдирген. Мындан кийин Туз айылдык орто мектеби эки жолу текшерилип, бирок эки башка жыйынтык чыккандыктан Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, мектептин курулуш каражаттарын кайрадан текшерүүдөн өткөрүүнү суранган.