Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев SUPER.KG порталынын "Президент менен премьер-министрдин катардагы авиарейс менен учушу кадыресе көрүнүшкө айланышы керекпи?" деген соболуна жооп берди.
Качкынбаев өлкө жетекчилеринин бул кадамына сүйүнүүгө али эрте дейт. "АКШда президенттин статусу өзгөчө бөлүнүп каралат. Алар атайын брондолгон учакта сапарларга чыгышат. Ал эми Европанын айрым өлкөлөрүндө эл менен учкан жетекчилер бар. Биздин өлкөнүн шартында эл менен кошо учкан эле дурус. Себеби АКШдагыдай экономикасы күчтүү, чечүүчү өлкө эмеспиз. Начар экономикабыз менен АКШны туурай албайбыз. Эгер өлкө башчылардын душмандары көбөйүп, коопсуздукту сактоо максатында жеке учакта учуп жүрүшсө, туура түшүнсө болот. 2-3 жан сакчы менен элге кошулуп эле сапарга чыга берсе жакшы болмок. Ал эми акыркы учурдагы президент менен премьер-министрдин эконом-класста эл менен кошо учуп жатканына кубанууга же сындоого али эрте. Алар популизм менен эле чектелип калбашы керек. Бул иши салтка айланабы деген маселе бар", - деген пикирин билдирди Качкынбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, журналист Султанбек Каназаров жана активист Адил Турдукуловдун пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуз.