Депутат Кожобек Рыспаев: "Башчылар элдин жашоосун жакшыртып коюп, жеке учакта каттай беришсин"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев SUPER.KG порталынын "Президент менен премьер-министрдин катардагы авиарейс менен учушу кадыресе көрүнүшкө айланышы керекпи?" деген соболуна жооп берди.

Рыспаевдин пикиринде, өлкө башчылары жакшы иштесе, алардын жеке учак менен учканына эл да каршы чыкпайт. "Президент менен премьерлер жеке учакта учуп жүрүшү үчүн өлкө бай болушу керек. Эч бир мыйзамга өлкө башчылар жеке учсун деп жазылган эмес. Экономикабыз арабдардыкындай чоң болсо, бир жөн эле. Бирок азыр президенттер эмес, чоң бизнесмендер да жеке учактарда учуп жүрүшпөйбү. Элдин жашоосун жакшыртып коюп, экономиканы көтөрүп коюп жеке учакта катташа берсин. Башчылар жакшы иштеп жаткан болсо, эл да унчукпаса керек", - деди Рыспаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, журналист Султанбек Каназаров жана активист Адил Турдукуловдун пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан