Журналист Султан Каназаров SUPER.KG порталынын "Президент менен премьер-министрдин катардагы авиарейс менен учушу кадыресе көрүнүшкө айланышы керекпи?" деген соболуна жооп берди.
Экс-президент Роза Отунбаеванын маалымат катчысы, журналист Султанбек Каназаровдун айтымында, президенттердин мындай кадамы башка өлкөлөрдө нормалдуу көрүнүшкө айланган. "Өлкө башчысынын же өкмөт башчысынын эл менен бирге учканын 100 пайыз колдойм. Бул бир жагынан экономикага пайда. Экинчи жагынан жаңы саясий стандартты киргизүү, калыптандыруу болуп саналат. Эми азыркы президент менен премьер-министр бул ишин адатка айлантса, мындан кийинки жетекчилер да эл менен бирге учуудан баш тарта албай калышат. Азыркы өлкө жетекчилеринин жөнөкөй учакта учканын угуп, мен да аябай кубандым. Негизи эле калк менен бийликтин ортосунда ажырым болбошу зарыл. Мен Роза Исаковнанын маалымат катчысы болуп жүргөнүмдө, АКШга 4 жолу эконом-класс менен учканбыз. Андан башка сырткы, ички сапарларда да эл менен бирге уччубуз. Франциядан Бельгияга поезд менен барып келгенбиз. Президенттин эл менен бирге учканын коомчулукка жарыяласам, Роза Исаковна "бул нормалдуу эле көрүнүш" деп мени урушкан", - деди Каназаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жана активист Адил Турдукуловдун пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуз.