Бүгүн, 7-май күнү Баткен шаарында күч түзүмдөрүнүн ортосунда кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чара Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын алгачкы жетекчиси, милициянын полковниги Кубатбек Ишеналиевдин жаркын элесине жана Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган.
Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мелдешке Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен турган жалпы 14 команда катышты.
"Футболдук мелдеш күйөрмандардын колдоосунда кызыктуу ойнолуп, жыйынтыгы чыгарылды. Өзүн активдүү көрсөткөндүгү үчүн мыкты чабуулчу, мыкты дарбазачы, мыкты коргоочу, мыкты колдоочу болуп айырмаланган оюнчуларга Баткен ОИИБинин жетекчилиги тарабынан акчалай сыйлык жана вымпелдер берилди. Ал эми 1-орунга Баткен ОИИБинин курама командасы, 2-орунга Ош ОИИБинин командасы, 3-орунга №2001-аскер бөлүгүнүн командасы, 4-орунга №30630-аскер бөлүгүнүн командалары ээ болушуп, кубок, вымпел жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Маркум Кубатбек Ишеналиевдин жакын туугандары жана Баткен ОИИБинин мурдагы жетекчилери бул саамалыкты колдоого алышып, Баткен ОИИБинин жетекчилиги Ашим Тагаевке жана өздүк курамга ыраазычылыктарын билдиришти", - дешти ОИИБден.