Ысык-Көлдө тамак-ашка ууланган чет өлкөлүк спортчулар ооруканада дарыланууда

Ысык-Көл районунда тамак-ашка ууланган чет өлкөлүк спортчулар ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Малик Мамбетов билдирди.

"Чет өлкөлүк 7 спортчу өзүн жаман сезип, ичи түйүлүп Чолпон-Ата шаардык ооруканасына кайрылган. Аларга биринчи жардам көрсөтүлүп тийиштүү чаралар көрүлгөн. Учурда алардын абалы туруктуу, дене табы 37,5 градус. Ал эми "Авроранын" ууланган кызматкерлеринин да абалы туруктуу. Биз бардык тамак-ашты анализге алдык, жыйынтык 3-5 күндө чыгат. Учурда абал толугу менен көзөмөлгө алынган", - дейт Мамбетов.

Айта кетсек, 7-майга караган түнү Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөтү айылындагы "Аврора" пансионатында 15 адам тамак-ашка ууланган. Алардын жетөө кикбокс боюнча Азия биринчилигине келген спортчулар болгон.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарында 8-майдан 12-майга чейин кикбокс боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Анда 20дан ашык мамлекеттен 200гө жакын спортчу күч сынашмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Soni130587
2018-05-08 11:48:12
Уят бизге келген турист кайра жалынып жалбарсан дагы келбейт.
+1
gulzat85
2018-05-08 11:52:07
Аврора уят эле кылыпсынар кыргыздарды
+3
Jango
2018-05-08 12:42:08
Ото каттуу текшериш керек
0
lenin1870
2018-05-08 15:42:59
Ото каттуу текшерип акчасын алып кайрадан иштегенге уруксат берип койгула
0
maybach99
2018-05-08 16:39:48
Аврора санаторий да, пансионат эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан