Кыргыз-Кытай чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-майда саат 06:44 чамасында Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Мындан улам жер титирөө Нарын районунда 2,5 балл сезилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.