Москва шаарында 15 жаштагы Кыргыз кызы жансыз бала төрөдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 6-майдан 7-майга караган түнү ооруканага кош бойлуулуктун 9-айында үйүндө көз жарган кызды жеткиришкен. Ал Москва шаарынын Новаторов көчөсүндөгү батирлердин биринде төрөгөн. Өспүрүм кош бойлуу аял катары төрөт үйүнө каттоого турган эмес.
Ымыркайдын жансыз денеси өлүкканага, кыз болсо бейтапканага жеткирилген. Учурда тергөө комитетинин кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктап жатканы айтылат маалыматта.