Депутат "Бир миң "акылдуу эсептегич" иштетилбей кампада чаң басып турат" дейт

"Сатып алынган "акылдуу эсептегичтер" алынган каражатты актаган жок", - деп бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда депутат Исхак Пирматов айтты.

"Мага жеткен маалыматтар боюнча, "Түндүк электр" ишканасында бир миң "акылдуу эсептегич" кампада чаң басып жатат, аларды эмнеге иштетпейсиңер, негизи эле ушул эсептегичтер алынган каражатты актадыбы", - деди Пирматов.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморовдун айтымында, "акылдуу эсептегичтер" өзүн өзү актады жана 300 эсептегич чаң басып эмес, бузулган эсептегичтерди алмаштыруу үчүн сакталып турат. "Ал эми сиз айткан миң эсептегич тууралуу маалыматты тактайм", - деп убадалады Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anash
2018-05-08 14:10:40
озун давно актаган жепжутардарга жетет кышы менен 8минден тушподуго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан