Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ага президенттик аппараттын өнүгүүнүн каржы-экономикалык анализи жана мониторинги боюнча бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметованын кош жарандыгы тууралуу кат келгенин Твиттерден жарыялаган. Кийин ал бул маалымат жалган болуп чыкканын айтып, катты Татту Мамбеталиеванын атынан белгисиз адам жөнөткөнүн билдирген.
"Белгисиз бирөө Татту Мамбеталиеванын атынан электрондук дарегиме Нурсулуу Мээрбековнанын кош жарандыгы боюнча фейк-маалыматты жөнөткөн. Паспорттун сүрөтүн да тиркептир. Бирок бул фейк экен", - деп жазды Бекешев.
"Интернет-саясаттын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева Дастан Бекешев андан жана Нурсулуу Ахметовадан расмий түрдө кечирим сурашы керектигин айтты.
"Мен сиз менен буга чейин электрондук почта аркылуу байланышып жүргөм, сизге кат менин электрондук дарегимден келбегенин жакшы билгенсиз. Менин оюмча, Ахметовага каршы атайын саясий чабуул болуп жатат, анткени сизге келген катты жакшылап текшеришиңиз керек болчу, себеби сөз президенттик аппараттын кызматкери жөнүндө болууда. Менин байланыш номеримди билесиз, текшерип койсоңуз болмок", - деди Мамбеталиева.
Депутат кечирим сурабай турганын айтты. "Эмне үчүн кечирим сурашым керек? Мага кат келгени боюнча жазганым үчүнбү? Маалымат жалган болуп чыкканын текшерүүдөн кийин айткам", - деп жазды Бекешев.
Айта кетсек, депутат Дастан Бекешев - кош жарандыгын жашырган аткаминерлердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорунун авторлорунун бири.