Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу жабылган Жибек Жолу көчөсү ачылды

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу жабылган Жибек Жолу көчөсү ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев билдирди.

"Оңдоо иштерине байланыштуу жабылган Жибек Жолу көчөсүнүн Манас кең көчөсүнөн тартып Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы кечээ, 7-май күнү ачылды. План боюнча оңдоо иштери 23-апрелде бүтүш керек болчу. Бирок ар кандай себептерден улам оңдоо иштери 14 күнгө созулуп кетти", - дейт Эшенбаев.

Эске салсак, 2018-жылдын 22-мартынан бери оңдоо иштерине байланыштуу Жибек Жолу көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Манас кең көчөсүнө чейинки аралыгы жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
anash
2018-05-08 13:53:54
аран бутурдунорго эрте менен суротко тартып киргизейин дегем сапаты начарго жаны техналогия менен салынды деп атбадынар беле эмнеге 14 кун кечиктинер тиги салынып жаткан коп кабату уйдон акча алып аларды кутунорда э элди кыйнап силерди айынардан ташкентский менен олуп калган жол менен журдуко.....уят 26ачыш
+2
rysik79
2018-05-08 14:40:26
Кичине болсо да жакшы кабар..
-1
Azat.97
2018-05-08 15:34:40
Чолпон-Ата кочосу да былтыр эле буткон.Эми быйыл корсонор барып шифер болуп калган.Саны бар сапаты жок кылып эле салып жатышат бул онбогон кытайлар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан