Ошто премьер-министрдин кортежиндеги кырсыкка кабылган жол тандабаста журналисттер болгон. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыкка кабылган жол тандабастын ичинде болгон эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 7-май күнү Өзгөн районуна бара жатканда катталган. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.