Арча-Бешикте таза суу өткөн түтүк жайгашкан кудук суудан жана таштандыдан тазаланып, үстү жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Сиздердин порталыңыздарда жарыяланган маалымат боюнча, Арча-Бешик конушундагы Кара-Кужур жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган таза суу өткөн түтүк жайгашкан кудукка атайын Ленин районунун жумушчулары барып көрүшүп, абал менен таанышкан. Ал эми 5-май күнү кудук суудан жана таштандылардан тазаланып үстү капкак менен жабылды", - дейт басма сөз кызматы.
Эскертке кетсек, "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда таза суу өткөн түтүк жайгашкан кудукка таштанды, суу толуп, үстү ачык турат. Ал үйлөргө жакын жайгашкандыктан ата-энелер балдары түшүп кетеби деп кооптонуп жатышат" деген билдирүүсүн жөнөткөн.