Диаспора жетекчилерине "Ардактуу консул" наамын берүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.
“Диаспора жетекчилери министр, депутат кылбаган иштерди кылып жатышат. Алар мамлекеттен эч кандай айлык албайт, кызматтык унаа да албайт, бирок мамлекеттик кызматкер кыла турган иштерди жасап жатат. Орусиянын ондогон облустарынын ар биринде 15 миңден ашык биздин жарандар бар. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ошол жерлердеги диаспора өкүлдөрүнө ардактуу консул наамын беришибиз керек.
Экономиканы көтөрүп жаткан мигранттардан келген каражаттар болуп жаткандан кийин алар башка жакта болгону менен, биздин жарандар, шарт түзүп беришибиз керек”, - деди Иманалиев.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бул маселе каралып, иштер жүрүп жатканын айтты. "Биз Казакстан жана Орусиядагы мигранттарга көбүрөөк маани берип, тийиштүү иштерди жасап жатабыз, сиз айткан сунушту да эске алабыз”, - деди Абдылдаев.