Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 2017-жылы жасаган иши боюнча отчёт берди.
Анын жүрүшүндө комитеттин төрагасы Исхак Пирматов Кыргыз өлкөсүнүн элчилери кайсы каражатка келип-кетип жатканына кызыкты. “Биздин өлкөбүздүн элчилери каалаган убакта келип-кетип жүрө берет экен. Алар салык төлөөчүлөрдүн акчасына келип жатат да, ушуларды көзөмөлдөп, чек ара кызматынан качан келип, качан кетип жатканын такташыбыз керек”, - деди Пирматов.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ага төмөнкүдөй жооп берди. “Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот экен. Элчилер жамандык-жакшылыкка келип кеткенде суранышат жана өз акчаларына келип кетишет”, - деди Абдылдаев.