Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" музейин оңдоп-түзөө иштеринде мамлекеттик тууну курулуш таштандыларын чогултууга пайдаланган кызматкердин иши сотко өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2017-жылдын 25-сентябрында болгон.
"Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" тарыхый археологиялык музей комплексиндеги 117-119-бөлмөлөрдө оңдоо иштери жүргөн. Анда музейдин бөлүм башчысы болуп эмгектенген Кара-Суу районунун 72 жаштагы М.М. аттуу кызматкери музейдин ичиндеги кампада турган мамлекеттик тууну алып чыгып, оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан уста менен биргеликте эмеректерди чогултуу үчүн тууну жерге жайып жана ага таштандыларды салышкан. Бул иш боюнча маалымат алгач Ош ШИИБи кабардар болуп, кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине маалымат берилген. Мындан улам министрлик аталган жетекчинин кызмат ордун карап жаткан", - деп билдирет басма сөз кызматкери.
Окуя боюнча күбөлөрдүн тартып алган сүрөттөрүнүн негизинде фото-техникалык экспертизанын корутундусу менен Ош ШИИБинин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (мамлекеттик гербди же мамлекеттик туусун мазактоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда бардык чогулган материалдар Ош шаардык прокуратурасы аркылуу Ош шаардык сотуна кароого жиберилди деп кошумчалайт маалымат катчы.
Эске салсак, "Сулайман-Тоо" музейинде оңдоп-түзөө иштеринде жерге төшөлгөн туу интернетте кызуу талкууланууга алынган. Бул сүрөттү "Сулайман-Тоо" музейинин мурдагы кызматкери Аширали Маразыков интернетке жүктөп, өлкөнүн башкы символунун тебеленишине музейдин учурдагы жетекчилигин айыптап, аны жазага тартууну талап кылган.