"Өрт башталган учурда эч кандай сигналдык үндү уккан жокпуз" дейт "Каухар" соода борборунда иштеген медайым

"Өрт башталган учурда эч кандай сигналдык үндү уккан жокпуз" деп билдирди "Каухар" соода борборунда жайгашкан медициналык борбордо эмгектенген медайым.

"Биз 5-кабатта иштейбиз. Өрт саат 11:00дөр чамасында башталды окшойт. Биз адаттагыдай эле иштеп жатканбыз. Качан гана эшигибизди такылдатып имарат өрттөнүп жатат дегенде гана коридорго чыгып түтүн болуп жатканын көрдүк. Төмөнкү кабаттагылар да өрт тууралуу эч нерсе билбей эле иштеп жатышыптыр, аларга биз айттык. Өрт башталганда сигналдык үн деле чыккан жок", - дейт медайым.

Ошондой эле окуянын күбөсү өрт өчүрүү кызматкерлери 40 мүнөттөн кийин келгенин жана алгач бир эле өрт өчүрүүчү унаа иштегенин кошумчалады.

Айта кетсек, 8-майда Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарындагы "Каухар" соода борборунда өрт чыккан.

"Орто-Сай" базарындагы "Каухар" соода борборунда өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Okunboim.
2018-05-08 14:27:59
Сигнализация иштесе угушабы? 90% иш каналарда сигнализация иштебейт.....
+4
maks94.kb
2018-05-08 14:40:57
Орт очуручулорго эле баары нааразы ошолор келбейт койсо корот элек баары кулго айланмак аларды деле тушуну керек да тем более азыр шаарда эки жолдун бири жабык анан калса пробка ыраазы болгон Кун качан болот бизде
+7
ma2as
2018-05-08 14:57:18
maks94.kb, Туура , алар деле вызов тушкондон кийин жон олтура бербесе керек . Шаар чоноюп атат , пожарный и скорый помощь станциялары 20 жыл мурун кандай болсо ошол эле боюнча .
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан