Депутат "өкмөт ата мекендик өндүрүшчүлөрдү тендерге атайын катыштырбай жатат" деп шек саноодо

Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 8-майдагы отурумунда энергетика тармагына насыя алуу боюнча келишимди ратификациялоо долбоорун карап жатат.

Анын жүрүшүндө депутат Кожобек Рыспаев өкмөттү ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого чакырды.

"Акылдуу эсептегичтер" боюнча да тендер өткөзөсүңөрбү? Эмне үчүн ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн албайсыңар? Аларды да тендерге тартсаңар 20 пайыздык жеңилдик берилет болчу. Өлкөдө "акылдуу эсептегичтерди" оңдой турган жер дагы жок экен. Өзүбүз да аракет кылалы да. Тендер жарыялап эле Кытай менен Түркияныкын алып келип коюп жатасыңар", - деп нааразычылыгын билдирди Рыспаев.

Өкмөт өкүлүнүн жооп беришинче, бул багытта атайын мыйзамдар бар. "Ошол мыйзамдарга өзгөртүү киргизели деп сунуштап жатабыз. Бул энергетика тармагындагы коопсуздук үчүн да жасалат. Атайын өлкөбүзгө ушул тармактагы өндүрүштүк мекеме ачуу үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп жооп берди чиновник.

"Силер сүйлөшүп бүткөнчө тендер өтүп бүтөт" деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан