Эскертүү! Боом капчыгайында атайылап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда төрт күн бою атайылап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 14-майдан 18-майга чейин жүргүзүлөт.

"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 130 жана 300-чакырымында, тактап айтканда, Боом капчыгайынын ичинде таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Жолго жакын, тик жайгашкан тоо-кыркаларындагы таштарды түшүрүү иштери кол менен жасалат. Мындан улам бул жол маал-маалы менен эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 16:00гө чейин жабылып турат. Унаалар топтолушуна жараша коё берилип, жол кыймылынын коопсуздугуна ИИМдин өкүлдөрү көз салып турмакчы", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле министрлик айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан