Депутат Урматбек Самаев: "БШКга жасалма документ тапшырып, максаттуу түрдө атайын мамлекетти алдаган - чоң кылмыш"

Кыргыз өлкөсүндө кош жарандыгын жашырган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, премьер, сот кызматтарына бара жаткан жаранды кош жарандыгы бар экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керекпи? SUPER.KG порталынын алар кандай жоопкерчиликке тартылышы керек деген соболуна "Кыргызстан" фракциясынан депутат Урматбек Самаев жооп берди.

Эл өкүлү президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты жана башка жогорку кызматтагы адамдарга мамлекеттик сыр маалым, жеткиликтүү болот деген пикирде. "Ошондуктан кош жарандыгы бар экенин жашырып, жогорку кызматка барган адам жоопкерчиликке сөзсүз тартылышы керек. Себеби бул түздөн-түз мамлекеттик коопсуздукка кол салуу болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясына жасалма документ тапшырып, максаттуу түрдө атайын мамлекетти алдаган - чоң кылмыш. Жазасы катары административдик айып пул же башка жеңил жаза эмес, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы зарыл деп ойлойм", - деди Самаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Кенжебек Бокоев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан