Депутат Кенжебек Бокоев: "Кош жарандыгы бар экенин жашырып жогорку кызматка барган адам толук жоопкерчиликке тартылышы керек"

Кыргыз өлкөсүндө кош жарандыгын жашырган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, премьер, сот кызматтарына бара жаткан жаранды кош жарандыгы бар экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керекпи? SUPER.KG порталынын алар кандай жоопкерчиликке тартылышы керек деген соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев жооп берди.

Бокоев президент, Жогорку Кеңештин депутаты башка мамлекеттин жараны болбош керек деген оюн айтты. "Буга бүгүнкү күндө да мыйзамда тыюу салынган. Алар башка мамлекеттин жараны болгонун жашырган болсо, толук жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Ошондой эле азыр мен мурда соттолгон жарандарды президенттикке жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына келүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун даярдап жатам. Укук коргоо органдарына жумушка кириш үчүн бир жыл соттолгон адам соттолгондугу жоюлган болсо дагы жумушка кире албайт. Ал эми ошол эле учурда мурда 10 жылга соттолуп, бирок соттолгондугу жоюлган адам депутат боло алат. Мен оор кылмыш кылган адам депутаттыкка талапкер боло албайт деген норма киргизип жатам. Мындан тышкары президент болуу үчүн жогорку билими сөзсүз түрдө болушу керек деген норма киргиздим", - деди Бокоев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Урматбек Самаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан