Бүгүн, 8-майда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 9-Май - Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата өтө турган иш-чараларга карата шаарды тазалоо иштерин жыйынтыкташты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган ишкананын кызматкерлери тарабынан "Ала-Тоо" аянты, ал жактагы эстеликтер тазаланып, таштанды салган урналар менен Эркиндик бульварындагы жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү стенддер сырдалган. Ошондой эле жолдор жууп-тазаланды.
Бишкек шаардык мэриясы майрам күнү шаар тургундарын жана конокторун тазалыкты сактап, ишкана кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.