Укук коргоочу Динара Ошурахунова: "Кош жарандыгы бар адамды жогорку кызматка бара жатканда изилдөө иштери жүргүзүлүшү керек"

Кыргыз өлкөсүндө кош жарандыгын жашырган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, премьер, сот кызматтарына бара жаткан жарандарды кош жарандыгы бар экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керекпи? SUPER.KG порталынын алар кандай жоопкерчиликке тартылышы керек деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.

Ошурахунова башка мамлекеттин жараны жогорку жоопкерчиликтүү кызматтарга чыгарылбашы керектигине токтолду. "Кош жарандыгы бар адамдар эмне үчүн жогорку кызматка чыгарылып жатат? Бир дагы өлкөнүн мыйзамында кош жарандуулук деген маселе жок. Кош жарандуулук мыйзамсыз. Бизде Казакстан же башка өлкө менен кош жарандуулук деген келишим түзүлгөн эмес. Андай мыйзам да жок. Жогорку кызматка көрсөтүлүп жаткан талапкер боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүшү керек. Кызматка келгенден кийин текшерген туура эмес. Эгерде кызматка келгенден кийин кош жарандыгы бар экени такталса, тез арада жумуштан бошотулушу зарыл. Элдин, өлкөнүн тагдырын чече турган кызмат болсо, башка өлкөнүн жараны болбошу керек", - деген пикирде Ошурахунова.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Урматбек Самаев, Дастан Бекешев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан