Сооронбай Жээнбеков: "Улуу Ата Мекендик согушта жоголгондорду издөөгө жардам берилет"

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согушта жоголгондорду издөөчү "Наша Победа - Биздин Жеңиш" кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптева жана "Эрдик" коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Каныбек Мырзаканов жана Гүлнара Мырзаканова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков аларды келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, буга чейинки жасаган иштери тарых үчүн чоң эмгек экенин белгиледи.

Жолугушууда издөө иштерине каржылык жардам көрсөтүү жана архивдик материалдарды издөөдө көмөктөшүү маселелери талкууланды. "Сиздердин аткарган ишиңиздер сый-урматка татыктуу. Жасаган эмгегиңиздердин аркасы менен мурда белгисиз жоокерлердин ысымдары түбөлүккө сакталды. Көптөгөн аталарыбыз жана чоң аталарыбыз фронттон кайтпай калган, айрымдар дайынсыз жоголду. Алардын тагдыры белгисиз бойдон калды", - деди өлкө башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shabdan_osh
2018-05-09 05:45:25
Ассалому алейкум админ! Издөө үчүн кайсы жерге кайрылуу керек толук маалымат алып бергилечи сураныч.
0
admin_superstan
2018-05-10 09:28:59
shabdan_osh,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан