Мыкты окуган 45 окуучу жайкы каникулда Кытайга барып эс алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат

Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты окуган 45 окуучу Кытайдагы жайкы лагерде эс алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Билим беүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир облустан 4 окуучу, Бишкек шаарынан 10, Ош шаарынан 7 окуучу Кытайга эс алганы барышат. Мындан сырткары окуучуларды 5 улуу адам коштоп барат.

“Кытайга эс алууга жолдомо ала турган окуучуларды кандай критерийлер менен тандап жатабыз? Биринчиден, активдүүлүгү, окуудагы жетишкендиктери каралат. Мындан сырткары Кытай мамлекети ал жакка кире турган адамдардын медициналык маалымдамасына да аябай көңүл бурат. Андыктан ден-соолугу таза болушу шарт. Каржы жагын Кытай тарап көтөрүп жатат, окуучулар жол киресин гана өздөрү төлөшү керек. Эс алуу 6-июлдан 14-июлга чейин созулат”, - дейт басма сөз кызматы.

Эске салсак, Кытай Эл Республикасынын билим берүү министрлиги Шанхай кызматташтык уюмуна кирген Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик орто мектепте окуган 200 окуучуга Кытайда эс алууга орун берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jelezo
2018-05-08 20:32:26
Окуучу кезинен вербовка кылалы дегенго
0
Atas
2018-05-08 20:33:26
Ал жак жаман барбагыла
-1
Tyty1990
2018-05-08 20:39:32
Депутаттын балдары барат да баягы эле
+7
zhaku2017
2018-05-08 21:20:02
Билим издеген өсөөр, жамандык издеген өчөөр. Билимден өткөн досун жок, оорудан өткөн касын жок. Азаматсынар билим алгыла окугула. Билим гана келечеке жон жол ачат. Билим алып, жер кыдырып дуйно таанымынарды кенейткиле.
+5
Aidar151080
2018-05-08 21:36:12
Мындан дагы өөнөп калаар бекен чоңдорубуз. 3 адамдын жол киресин айтып
+3
TazaKyrgyz
2018-05-08 22:47:31
Только оз адамдарын кана жонотушот беттерин былтыйтып кана уяты жок биздин атка минерлер! Жогоруда тууганым айткандай депутаттын и министирдин балдары уже тизмеде.Тизме давно тузулгон
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан