Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери сыналгы белекке алышты

Бүгүн, 8-майда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана карылардын социалдык стационардык мекемесинде жашаган Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлер менен жолугуп, аларга сыналгы белек кылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова ардагерлерге согуш учурундагы эрдиги үчүн ыраазычылык айтып, белектерди тапшырган.

"Сиздер биздин жаркын келечек үчүн күрөштүңүздөр. Аталарыбыздын биздин эркиндигибиз, көз карандысыздыгыбыз үчүн тайманбаган эрдиги менен сыймыктанабыз. Жылдан жылга биздин ардагерлер азайып баратканы өкүндүрөт. Аларды барктап алуу биздин милдет", - деген ал.

Ошондой эле ардагерлер материалдык колдоого караганда көңүл бөлүүгө, жакшы сөз угууга көбүрөөк муктаж экендигин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
haydarkan
2018-05-08 22:59:11
Саналуу ардагерлерибиз калган болсо тузугуроок эле нерсе бербейсинерби. Андан коро бир курортко путевка берсенер болмок же болбосо акчалай сыйлык берсенер дары дармектерине иштетишет
+5
kaisarbek
2018-05-09 01:09:08
Орус улутундагыларбы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан