Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүү максатында "Өлбөс полк" жүрүшү орун алды. Аталган иш-чараны Бишкек шаардык кеңеши уюштурган.
Жөө жүрүш Жеңиш паркынан башталып, Өчпөс отко чейин болот. Бул жүрүшкө шаар тургундары, активисттер, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү да катышууда. Айрымдары жолдон кошулууда. Алар "Эч ким, эч качан унутулбайт" деген жазуулары бар плакаттарды, ардагерлердин портреттерин көтөрүп алышкан.
"Өлбөс полк" жүрүшү Өчпөс отко чейин келип, гүлчамбарларды коюшту.
Ал эми коомдук тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлери тартылган.