Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Сауд Арабия лидерлери Кыргыз өлкөсүнүн элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Жеңиш майрамы менен куттуктоо телеграммаларын жөнөттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Орусия президенти Владимир Путин 9-Май – Орусиянын жана Кыргыз өлкөсүнүн эли үчүн ыйык майрам экенин белгиледи.
"Ушул күнү майданда баатырдык менен салгылашкан, оорукта каармандык менен эмгектенген, мекенибизди жана бардык адамзатты фашизмден сактап калган аталарыбызга жана чоң аталарыбызга сый-урмат көрсөтөбүз.
Алардын өлбөс-өчпөс эрдиги орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары чыңдоочу бекем пайдубал болуп, кылымдар бою жашай берерине ишенем", - деп айтылат Путиндин куттуктоосунда.
Казак лидери Нурсултан Назарбаев согуш жылдарында элдердин достугу сыналып, чыңалганын билдирди. "Ушул күнү биз Улуу Ата Мекендик согуштун айыгышкан уруш талааларында жана эмгек майданында биздин эркиндигибизди жана азаттыгыбызды каармандык менен коргоп, биз үчүн жеңишти алып келгендерди эскеребиз.
Каардуу согуш жылдарында сыналган жана чыңдалган биздин өлкөлөрүбүздүн элдеринин достугун мындан ары карай бекемдөө кан төгүлгөн согушта курман болгондорго жана бүгүн арабызда жүргөн баатырларыбызга көрсөткөн сый-урматыбыз экендигине ишенем", - дейт Назарбаев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев согушта курман болгондордун эрдиги түбөлүк сакталарын айтты. "Биздин бир тууган элдерибиз ийиндеше катаал сыноолорго туруштук берип, Жеңиш күнүн жакындатууга зор салым кошкон. Ата-бабаларыбыздын улуу эрдиги биз үчүн каармандыктын, мекенчилдиктин жана мекенге берилип кызмат кылуунун ачык-айкын үлгүсү болуп саналат.
Бүгүн биз өмүрүн курмандыкка чалып тынчтыкты жана эркиндикти коргоп калгандардын жаркын элесине терең таазим этебиз. Кан майданда жана оорукта эрдик, каармандык жана баатырдык көрсөткөн ардагерлерибизге чексиз ыраазыбыз. Алардын даңктуу эрдиги жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн, Борбордук Азия аймагында тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы достук, жакшы коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мындан ары бекемделе берет деп ишенем”, - деп айтылат Мирзийоевдин телеграммасында.
Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон Кыргыз мамлекетине жана президент Сооронбай Жээнбековго аманчылык тиледи.
"Биздин элдерибиз бул өлүм алып келген жана кыйраткыч өтө катаал согуштун оорчулугун бирге көтөрүштү, эрдик жана каармандык көрсөтүп, миллиондогон өмүрлөрдү курмандыкка чалып, адамзаттын митаам жана каардуу душманы – фашизм менен күрөштө өз эркиндигин жана көз карандысыздыгын сактап калышты. Катаал сыноолордон өткөн элдерибиздин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелер мындан ары да бекемделип, өнүгө берет деп ишенем", - деди Рахмон.
Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов да куттуктоо телеграммасын жолдоп, Кыргыз жарандарына аманчылык каалады. "Бул улуу күнү биз өзгөчө ыраазычылык жана сыймыктануу сезимдери менен болочок муундун тынч жашоосу жана бардык адамзаттын бактылуу келечеги үчүн эрдик менен салгылашкандардын ысымдарын жана ошондой эле өзүнүн тынымсыз жана талыкпас эмгеги менен Жеңиштин жарык күнүн жакындаткан ооруктун эмгекчилерин эскеребиз.
Ата-бабаларыбыздын улуу каармандыгынын элеси өлкөлөрүбүз ортосундагы мындан аркы достук мамилелерин бекемдөө жана ар тараптуу кызматташуу үчүн бекем негиз болуп кызмат кылат деп ишенем”, - деп жазылат Бердымухамедовдун куттуктоосунда.
Азербайжан президенти Ильхам Алиевден да куттуктоо келип түштү. “Адамзаттын тарыхындагы эң кыйраткыч жана кандуу согуш майданында дагы, оорукта дагы көрсөтүлгөн кайталангыс каармандык жана эрдик, чыдамкайлык жана берилгендик элдерибиздин даңктуу тарыхына түбөлүккө жазылып калды.
Согуш жылдарынын сыноосунан өткөн элдерибиздин ортосундагы достук жана колдоо мындан ары дагы өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жана көп пландуу аракеттенишүүнүн бекем негизи болуп кызмат кыларына ишенем.
Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, согуштун жана ооруктун ардагерлерине, Кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм”, - деп жазылат Алиевдин телеграммасында.
Мындан сырткары Беларусь өлкө башчысы Александр Лукашенко өз куттуктоосунда Кыргыз өлкөсүнө тынчтык жана өнүгүү каалады. “Согуш жылдарындагы катаал сыноолордон өткөн фронтовиктердин жана ооруктагы эмгекчилердин эрдиги боордош элдерибиздин ынтымагын, майтарылбас кайратын жана Ата Мекенге карата чыныгы сүйүүсүн көрсөттү.
Кан майданда курман болгондор тууралуу эскерүүлөр, биздин бейпил жашообузду, эркиндигибизди коргоп калгандарга чексиз ыраазычылык сезими кылымдар бою жашап, салттуу беларусь-кыргыз достук мамилелерине бекем негиз болуп кызмат өтөйт деп ишенем”, - деп белгиледи Беларустун лидери.
Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдельазиз Аль Сауд да Сооронбай Жээнбековго өз куттуктоосун жолдоду. “Жеңиш күнүнө байланыштуу сизге куттуктоомду жолдойм жана Кыргыз мамлекетине өнүгүү, бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат анын телеграммасында.