Манас Ниязов "Достукка" жеңиш алып келди. "Ынтымак" утулуп калды

9-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдешти "Достук" командасы жеңип алды.

Жогорку Лиганын финалында Кыргыздын дөө-шаалары "Достук" менен "Ынтымак" командалары кез келди. Кызуу беттештин жүрүшүндө "Достук" командасынын мыкты оюнчусу Манас Ниязов чеберчилигин көрсөтүп 2 таймда "Ынтымактын" тай казанына 3 улак таштады. Ал эми "Ынтымак" командасы 3-таймдын алгачкы мүнөттөрүндө Чубак Нурмамбет уулунун улак таштоосу менен жооп кайтарса, 3-таймдын акыркы мүнөттөрүндө Азим Болот уулу эсепти 3:2 кылганга жетишти.

Муну менен Оштун "Достук" командасы Жогорку Лиганын жеңүүчүсү аталып, 400 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми Таластын "Ынтымак" командасы 2-орунду ээлеп, 200 миң сомго ээ болду.

Иш-чарага президенттин ыйгарымдуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев жана көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Эске салсак, 8-майда Жогорку Лиганын 3-орун үчүн беттеши орун алган. Анда Чүйдүн 2 командасы кез келип, "Биримдик" командасы жеңишке жетсе, "Четинди" командасы 4-орунга ээ болгон.

Манас Ниязов көк бөрүдөн "Достукка" жеңиш алып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (77)
Chungyz
2018-05-09 16:10:47
Тузук
-1
Kalmurzaev8900
2018-05-09 16:28:28
Азаматсын маладец Менин жердешимда ози манас ниязов
-1
kyialreal
2018-05-09 16:29:45
Туура бул биздин эл классико, достук чемпион! Кубанычтамын. Анан туугандар, НАМЫС,, ар бир Кыргыз жигитинде бар! Алга Кыргызстан
+7
Salaf
2018-05-09 16:44:00
Оштун спортсмендери күчтүү экен чынында.
Футболдон АЛАЙ,
футзалдан ЕРЕМ,
волейболдон Ош БАЖЫ,
панкратиондон чечендердин атасын таанытып эле жүрүшөт. Көк бөрүдөн сборныйда Манас күч берет көбүнчө. (ананда торпок улактыда катуу ойношот экен).
+12
Dembele84
2018-05-09 17:02:22
Болунбо Болунбо дейбиз,бирок башка мамлекеттерде деле оз клубдарына жан тартышып тытышып жатып калат,район район же областка болунуп.Что-бы патриоттуулук ойгонуш учун биздин спортсмендер олкодон сырттагы мелдештерге кобуроок катышса,ошондо биригуу,бир муштум болуу кобойот.А оз олкобуздун ичинде болуп жатса мындай нерсени токтотуу кыйын.Баарибир озу жашаган жердеги командага жан тартат
+9
bayhan
2018-05-09 17:12:26
Dembele84, сен Достук командасына күйөрман бол да Оштуктар Оштуктар деп кыйкыра бербей, ал командада бүт областын жигиттери бар если что, башкалар сага окшоп бөлүнбөйт алар только командага күйөрман болушат.
-12
Dembele84
2018-05-09 17:37:47
bayhan,Мен Ошто туулуп оском,Оштун атынан олко чемпиондугуна кайсы клуб же спортсмен катышса ошого жан тартам.Эгерде биздин сборный командалар спортсмендер Азия же дуйно чемпиондугуна катышса ага болеть этем,мага айырмасы жок ал жерде кайсы областын спортсмени катышып жатат,самый главный кыргыз туусунун астында чыккан спортчуга дайыма болеть этем.Мисалы:Таластын бир дагы тургуну Достука болеть этпейт,аларда Ынтымак командасы бар ошондой эле нерсе!
+6
BekAmir
2018-05-09 17:30:06
Азаматтар достук кучтуу команда
+1
munar1980
2018-05-09 17:34:58
Кееде жигит төө минет кееде жигит жөө жүрөт деген макал туура да не ошондо Таластыктар Байгени тартырып жибериштиби ошондо Оштуктарга?
0
a.sheralievic.91
2018-05-09 18:56:48
Канат Бегалиевден жооп жокбу?
0
bayhan
2018-05-09 19:59:43
ХХХХХХХХ баар жогу болуп сегиз беттеш өткөрүшүптүр Достук менен Ынтымак, алты жолу Ынтымак эки жолу Достук утуптур, Ынтымактын деңгээлине жетиш үчүн ооо өтө эле көп убакыт керек го.
+1
manaas
2018-05-09 21:15:20
bayhan, ХХХХХХХХХХХХХ ДОСТУК чемпион!
0
bayhan
2018-05-09 21:20:05
manaas, ХХХХХХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-05-10 09:22:27
bayhan, manaas,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Этика нормаларын сактагыла!
0
Dastanke2014
2018-05-09 20:07:13
Ийгилик баарынарга. Кыргызстан Алга.
+3
jai
2018-05-09 20:21:35
Эхее,ХХХХХХХХХХ эле кеттинерго)))
+6
Patrik2
2018-05-09 22:31:41
Икрам не кылып жүрөт
-1
urmat94
2018-05-10 02:26:39
Patrik2,икрамжон Достук командасынын водители болуп журот автобус мн команданы ташып
+1
urmat94
2018-05-10 02:26:56
Patrik2, )))
0
Elnura1997
2018-05-10 05:45:34
Ото керемет кол жээгинде ДОСТУК чемпиоооооооооооооон супердин суппер жанылыгы
Алгалай бер кокбору
Кол жээгинин боюнда
Ойной бер да ута бер
Улак сенин колунда
Соз ээсин табат
0
wirintai27
2018-05-10 12:34:59
Урааааа Достук уттууууу.аябай суйунуп алыпмын го озумчо эле ...
Озуму токтоюнчу кичине
Манас красавчик
0
Zarema94
2018-05-10 14:35:34
Олдунор го Талас-Ош болуп...

Казактардын сазайын бергиле эми биригип...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан