Бүгүн, 9-майда Кыргыз жеринде Улуу жеңиштин 73 жылдыгы белгиленип жатат. Ага байланыштуу Бишкектеги "Жеңиш" аянтында бийлик жетекчилеринин катышуусунда эскерүү иш-чарасы өтүп, андан кийин саат 10:00дө "Жеңиш" паркынан "Өлбөс полк" жүрүшү башталды. Акциянын катышуучулары "Эч ким, эч качан унутулбайт" деген жазуулары бар плакаттарды, ардагерлердин портреттерин көтөрүп алышкан.
Жалпы 6,5 чакырым жол басып саат 11:45те "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко келишти. Ал жерде "Жеңиш күнү" ыры ырдалып, андан кийин Өчпөс отко гүл чамбар коюлуп иш-чара аягына чыкты. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, акцияга былтыр жалпы 30 миңдей адам катышкан болсо, бул ирет болжолдуу түрдө 45 миң адам катышты. Кыргыз жергесиндеги "Өлбөс полк" жүрүшү быйыл 5-ирет өтүп жатат.
Белгилей кетсек, "Өлбөс полк" жүрүшүнө мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да катышып, Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. Анын уулдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков согуштан жарадар болуп кайтып келишкен. Алар көрсөткөн каармандыгы үчүн “Кызыл Жылдыз” орденине жана медалдарга татыктуу болушкан. Согуштан кийин көп жылдар бою партиялык, советтик жана чарбалык кызматтарда жетекчи болуп эмгектенишкен.