Аксы районунун Үч-Коргон айылында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата миңге чукул адам жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Эрнис Мырзакулов билдирди. Анын айтымында, жүрүшкө чыккандардын арасында мектеп окуучулары жана бала бакчада окуган жаш балдар да бар.
“Биздин айылда биринчи ирет 9-Май - Жеңиш майрамына карата жөө жүрүш уюштурулду. Жүрүшкө миңге жакын адам катышты. Анда мектеп окуучулары, Ооган согушунун катышуучулары, айыл эли, мамлекеттик кызматкерлер колдоруна плакаттарды жана каза болгондордун портреттерин көтөрүп жүрүштү. Алгач согушта курман болгондордун жаркын элесине арнап куран түшүрүлдү. Андан кийин бала бакчада окуган жаш балдар концерттик программа тартуулашты”, - дейт жергиликтүү жашоочу Мырзакулов.
Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Мураталиев айылдагы согуштун ардагерлеринин көзү өтсө дагы алардын жубайларына, балдарына жылына колдоо көрсөтүп турушарын билдирди.
“Буга чейин ар жылы райондун борборуна барып, бул майрамды белгилеп келчүбүз. Быйылкы жылы айыл эли менен биргеликте "Өлбөс полк" жөө жүрүшүн уюштурдук. Негизинен жүрүшкө айыл тургундары, мамлекеттик иш каналардын кызматкерлери, мектеп окуучулары, ошондой эле Баткен, Ооган согушунун катышуучулары да катышты. Биздин айылда согуш ардагерлери калбай калгандыктан алардын жубайларын чакырып сый көрсөттүк", - деди ал.
Белгилей кетсек, Үч-Коргон айыл өкмөтү 1953-жылдары түптөлгөн. Ал эми 1941-жылы аталган айыл өкмөттөн 150дөн ашуун адам согушка жөнөп кетсе, анын 50гө жакыны кайтып келген. Азыркы тапта 4 согуштун ардагеринин жубайлары бар.