Бишкектеги "Жеңиш" паркынан башталып "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс оттун жанынан аяктаган "Өлбөс полк" жүрүшүнө жалпы 45 миңдей адам катышты. Айрымдары жарым жолдон кошулганы менен кээ бир улгайган адамдар иш-чаранын башынан аягына чейин болушту. Алардын бири Аламүдүн районундагы Ала-Тоо совхозунун 78 жаштагы тургуну Айылчы Бектурсун уулу. Ал колуна согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган атасынын сүрөтүн көтөрүп чыкты. Өзүнүн айтымында, 1906-жылы туулган атасы Бектурсун Тургоот уулу 1941-жылы Чүй өрөөнүнөн Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, бирок кайтпай калган.
"Мен бул иш-чарага биринчи ирет катышып жатам. Ал эми менин колумдагы сүрөт атам Бектурсун Тургоот уулунун сүрөтү. Ал 1941-жылы согушка кеткен болчу. Ал учурда мен 1 жашта элем. Билишимче, атам Орусиянын аймагындагы Тыва Республикасында салгылашып жүрүп, 4-ирет жаракат алып госпиталга жатыптыр. Бирок көп өтпөй эле "жакшы болуп калдың" деп согушка алып кетишиптир. Андан кийин дайынсыз жоголгону боюнча кат келген. Ага мен ишенбей жүрүп, кийин профсоюзга барып сурасам, дайынсыз жоголгондордун тизмесинде экенин тактап беришти.
Атамдын жалпы 9 баласы болгон. Бирок 1926-жылы туулган агам, мен жана 1943-жылы туулган иним калган элек. Агам 78 жашка чыкканда каза болуп калган. Азыр иним экөөбүз барбыз. Апам 1908-жылкы болчу, 84 жашка чыгып каза болгон.
Өзүмдүн эки кыз, бир уулум жана неберелерим бар. Азыр №4-кесиптик лицейде кароолчу болуп иштейм. Ден соолугум жакшы, буюрса кийинки жылдары да катышам", - деди Айылчы Бектурсун уулу.