Ооганстандагы 7-8 баллдык жер титирөө Кыргыз жергесинде сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-майда саат 16:41де Ооганстан Республикасында күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Алдын ала маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын чек арага жакынкы аймактарында 3 балл сезилген. Учурда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет деп басма сөз кызматы билдирди.