22-июнда Бишкектеги эски аянтта “Dance battle” аттуу иш-чара болот. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара саат 16:00дө башталат. Бул аземге Бишкек шаарынын бийчилери өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Иш-чарага мэр Иса Өмүркуловдун да катышуусу күтүлүүдө.