Малайзияда парламенттик шайлоодо оппозиция утту

9-майда Малайзияда парламенттик шайлоо өтүп, өлкөнүн 60 жылдык эгемендик тарыхында биринчи жолу оппозиция жеңишке жетти.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, парламенттеги 222 орундун 122си "Пакатан Харапан" оппозициялык блокко тийди. Малайзиянын мыйзамына ылайык, парламенттик көпчүлүктү түзүш үчүн 112 орунга ээ болуу керек.

Айта кетсек, оппозициянын лидери - мурда бийликте 22 жыл туруп Малайзияны гүлдөткөн 93 жаштагы Махатхир Мохамад. Ал 3 жыл мурда бийлик партиясына нааразычылык билдирип, андан чыгып кеткен. Кийин өзүнчө партия түзүп, оппозиция менен биригип бир блок менен шайлоого чыккан.

Махатхир Мохамад жеңген партиянын лидери болгондуктан премьер-министр кызматына келмекчи. Малайзияда бийлик премьер-министрдин колунда, ал эми падыша символдук эле милдетти аткарат, бул өлкөдө да Улуу Британия сыяктуу президент деген кызмат жок.

Буга чейин оппозиция утса учурдагы премьер Нажиб Разак камалышы мүмкүн экени айтылган. Анткени оппозиция аны казынадан миллиондогон доллар уурдаган, коррупцияга малынган деп айыптап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан