Ысык-Көлдөгү "Аврора" пансионатында тамак-ашка уулангандардын саны 22ге жетти

Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөтү айылындагы "Аврора" пансионатында тамак-ашка уулангандардын саны 22ге жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"8-майга карата тамак-ашка ууланып, стационардык дарылануудан өтүп жаткандардын саны 18 болгон. Ошол эле күнү түштөн кийин 8 жарандын ден соолугу канааттандырарлык болуп, ооруканадан чыгарылган. Алардын жетөөсү чет өлкөлүк спортчулар, бирөөсү Кыргыз жараны болгон. Бирок андан кийин дагы 4 жаран өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылган. Бүгүнкү күнгө жалпы уулангандардын саны 22ге жеткен. Учурда 14 Кыргыз жараны ооруканада", - дейт басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 7-майга караган түнү Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөтү айылындагы "Аврора" пансионатында 18 адам тамак-ашка ууланган. Алардын жетөө кикбокс боюнча Азия биринчилигине келген спортчулар болгон.

Ысык-Көлдөгү “Аврора” пансионатында тамак-ашка уулангандардын саны 22ге жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2018-05-10 12:40:20
Уят эле
+1
bibi87
2018-05-10 14:32:37
Уят, уят, уят
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан