Депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-майдагы жыйынында Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев эл менен тыгыз иштешпей жаткандыгын айтып, аны кызматтан алууну сунуштап чыккан. Депутаттын мындай сөзүнөн кийин аким Олжобай Осмоналиев SUPER.KG'ге жооп берди.
Анын айтымында, Касымалиева райондогу мектептердин абалы менен таанышып жүргөн учурунда бир иш-чарасына катыша албай калган.
"Мен колдон келишинче аракет кылып, иштеп жатам. Район чоң болгондуктан баарынан тең кабар алуу кыйын экен. Депутат айткан мектептерден кечээ да кабар алып келдим. Мен тууралуу маселе көтөргөн депутаттын бир иш-чарасына маанилүү семинарда болуп катыша албай калдым эле. Маселени көтөрүүсүнө, балким, башка себеп бардыр", - деди Осмоналиев.