Улуу Жеңиш күнүнөн соң борбордук аянттан 10 тонна таштанды чыгарылды

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Улуу Жеңиш күнүнөн кийин борбордук аянттан 10 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тазалоо иштерине 11 атайын техника, 9 таштанды чыгаруучу жана 2 суу чачуучу унаа тартылган. Ошондой эле "Ала-Тоо" жана "Жеңиш" аянтында 112 жүктөгүч менен көчө шыпыруучулар күзөттө туруп, тазалоо иштерин жүргүзүп турушкан.
Майрам күнүнө карата аянтка атайын желим таштанды салуучу челектер коюлган. Эл тараган соң "Тазалыктын" кызматкерлери шаарды, көчөлөрдү түнкү саат 2ге чейин тазалап бүтүшкөн. Жыйынтыгында 10 тонна таштанды чыгарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aerforce
2018-05-10 13:48:59
тоодон он эмес жүз тонна чыгат болсо керек кече Аларчага баргандар укмуш болдуго пробка тоодо
+3
Shokoladka94
2018-05-10 13:54:22
Кочого ыргытып кете бергендери окунучтуу
+4
Azamat_15
2018-05-10 14:24:32
Айт намазда100мин кишиден 1кг таштанды чыкканды кордунор беле?ыимандуу бололу
-1
fantomas
2018-05-10 15:08:01
Azamat_15, диний фанаттардын ой жугуртуусу, тушунугу ушундайбы же атайылашабы?!! Бул деген майрам, майрам болгон сон эл кочого чыгат, бир нерсе алып жейт, ошолордун калдыгы болот. Же сен балдарын менен майрамдап кочого чыксан, аларга эч нерсе алып бербейсинби?!! Озун кочодон эч нерсе албайсынбы, курсагын ачса, чанкасан?!! При чем тут ыймандуулук, же сен ыймандуу болуп кочодон эч нерсе жебейсинби?!!

+1
fantomas
2018-05-10 15:11:31
Azamat_15, Айт намазына келсек, эл болгону намаз окуйт. Бирок намаздан чыккан сон кочо аралайт, балдарын ойнотот. Ошондо да тонна тонна мусор чыгат... Ошону биле туруп олумуш болосунар, чындыкты бурмалап!!! Болбосо Орозо Айт, Курман Айт майрамында 1 кг мусор чыкпайт деп айтчы кана?!!

Озу энкейип жерден мусор алып коюга жарабайсынар, суйлосонор асмандан суйлойсунор каратып туруп калп айтып. Анан мусулманмын деп тош кагасынар!!! Кана динден тушунугунор?!!
+2
aibars
2018-05-10 14:35:14
Малдан айрымасы жоктор
+1
patiydin
2018-05-10 16:15:33
Урматтуу жердештер жок дегенде ушул Жерде да талашпайлы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан