Кечээ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Кыргыз өлкөсү боюнча жол эрежесин бузган 2 миң 128 айдоочуну жоопкерчиликке тартты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол эрежелерин бузгандардын 19у мас абалында унааны башкаргандар.
* Унаанын ылдамдыгын уруксат берилген өлчөмдөн ашырып айдагандар - 369;
* Жол белгилерине баш ийбегендер - 143;
* Машинанын айнектерин караңгылатып алгандар - 4;
* Унаанын тийиштүү документтери жок айдагандар - 25;
* Рулду башкарып бара жатып, телефон менен сүйлөшкөндөр - 382;
* Жол кыймылынын кызматкерлеринин талаптарына баш ийбегендер - 5;
Ал эми 65 унаа айып жайга токтотулуп, тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалайт басма сөз кызматынан.