Ысык-Көлдөн 300 метрге чейинки аралыкка курулуш курууга тыюу салынышы мүмкүн. Мындай мыйзам долбоору бүгүн, 10-майда 3-окууда каралды.
4 жылдан бери кабыл алынбай келе жаткан аталган мыйзам долбоору акыркы окууда кызуу талаш-тартыштарга жем таштады.
"Көлдүн айланасынын 70 пайызына курулуш салынып бүткөн. Калган 30 пайыз аймакка 100 метр эмес 300 метр алыс жерге гана кургула десек туура келбей калат. Туристтер көлдү жакын жерден көргүсү келет. Бул мыйзам менен туристтерди кууп жатабыз. Бул мыйзам коррупцияга жол ачат. "Мага мынча метр жерден жер бер" деп соодалашуу башталат", - деди депутат Бакирдин Субанбеков.
Ал эми депутат Исхак Масалиев аталган мыйзамды ким сунуштап жатканына кызыкты. "Бул мыйзам долбоору боюнча 3-окууда тармактык комитеттин төрагасы баяндама жасашы керек эле. Эмнеге демилгечи Максат Сабиров өзү баяндама жасап жатат. 300 метрге жылдыруу илимпоздордун сунушубу же көлдүктөрдүнбү? Эмнеге сөзсүз 300 метрге?” - деди Масалиев.
Демилгечилердин бири Максат Сабиров бул мыйзам долбоору 2014-жылдан бери өтпөй келе жатканын билдирди. "Көлдөн 100 метр алыстыкка курулуш курулсун деген мыйзам 2004-жылы кабыл алынган. Көл боюнча 5 мыйзам бар. Бул ошолордун натыйжасында келип чыккан мыйзам. 5-чакырылыштан бери келе жатат. Добуш менен чечип койбойлубу", - деди ал.
Ал эми депутат Кожобек Рыспаев: "Мен бул мыйзам долбооруна 5-чакырылыштан бери каршы болуп келе жатам. Силерди да каршы добуш берүүгө чакырам. 100-150 метрге курулуш курам деп ишти баштап койгондордун укугу тебеленет. Менин пикирим ушундай. Андан көрө курулуш иштеринин талабына көңүл буралы", - деди эл өкүлү.
Сабиров аталган мыйзам долбоору буга чейин курулуп калган курулуштарга тиешеси жок экенин айтып, демилгени колдоп берүүгө чакырды.
Аталган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.