5 айлык Айдиананын бетиндеги шишиги ай сайын өсүп ата-энесин тынчсыздандырууда

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Түп айылынын тургуну Назира Усупова учурда 5 айлык кызы Айдиананын дарты менен алышып, ооруканага каттап жүргөн убагы.

Ал кызынын оорусу тууралуу: "Кызым Айдиананын төрөлгөнүнө 3 жума болгондо бетине бармактай шишик пайда болгонун байкаган элем. Эки ай болгондо баягы бармактай шишиги чоңоюп кетти. Кабатырланып Ысык-Көлдөгү ооруканага кайрылсак, алар туура эмес диагноз коюп коюшуптур. Бишкектеги балдар ооруканасына келгенибизде шилекей бездеринин гемангиомасы деген диагноз коюшту. Бул дарт кан-тамырлардын оорусу экен. Кызым ыйлаганда бетиндеги шишиги көгөрүп кадимкидей чоңоюп кетет. Ал эми жөн турганда, тескерисинче, кичирейет. Дарыгерлер “операция жасаганга азыр кызың кичинекей 6 айлык болсун, бетиндеги нервдерине ийне тийсе кийин бетинин клеткалары такыр иштебей калышы мүмкүн дешти", - дейт.

Ошондой эле Назира Усупова беттеги шишикти Орусиянын Челябинск шаарында операция жолу менен эмес, лазер менен жок кыла турган адис бар экенин интернеттен тапканын айтты.

“Менин бир таанышымдын баласынын да шишиги бар болчу. Алар Орусияга барып лазер менен шишигин алдырып келип, азыр баласы 3кө чыкты, жакшынакай жүрөт”, - дейт ал.

Мындан сырткары, Усупова айылда жолдошу такси кызматында иштеп күнүмдүк-тамак ашка жете турган эле акча таба турганын, ал эми кызынын дарылануусуна каражаты тартыш болуп жатканын билдирди.

“Өзүбүз айылда жашайбыз, карапайым үй-бүлөдөнбүз. Жолдошумдун тапканы күнүмдүк тамак-аштан артпайт. Мен кызымды көтөрүп алып жеңем чет өлкөдөн алып келген товарларды Бишкектен Ысык-Көлгө ташып иштечүмүн. Акыркы айларда кызым менен тынбай ооруканага каттап кошумча жумуш кылганга бошобой жатам. Элден жардам сурап кайрылуу тууралуу ойлонбоптурмун деле, жеңем “элге кайрылбайсыңбы 5-10 сомдон болсо да көптүкү көп, чогулуп калат” деген кеңешин айтып калды. Ошондон улам социалдык тармактарга жазып жардам сурап кайрылып 7 миң сомдой чогулттук. Негизи Орусияга барып дарыланып келиш үчүн 150 миң сомдой каражат керек экен. Өзүбүз чогултсак, анан элден чогулса кызымдын бетиндеги шишигин алдырып келмекпиз. Кызым айыгып кетет деген үмүтүм чоң, ал үчүн атасы экөөбүз да болгон аракетибизди жасап жатабыз”, - дейт кызынын абалына кейиген эне.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн Назира Усупованын Элсом номери 0709 679 784.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Usow
2018-05-10 16:48:13
Аллах шыфаа берсин
+6
Alixan-Nookat.2015
2018-05-10 17:54:01
Аллах шыпаасын берсин!
+6
nuri1
2018-05-10 18:10:29
Жараткан Тенирим ден соолук берсин. Аман болсун.
+2
mira28
2018-05-11 00:30:17
Мына Нурлан Менен Асель айым 2 кундун биринде талтандап той откоруп элге мактана бербей акчанар чонтогунорго батпай ашып ташып жатса ушул кызга жардам бергиле. Кыргыз эли кайрымдуу эое кула кааласа жакшы болуп кетет.Жардамыбызды беребиз албетте.
+7
chyrok
2018-05-11 01:59:13
mira28,ооба,100миндик койнок кийип деле 150минине ушул кыз дарыланып калганда кандай сонун болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан