"Ала-Тоо" ресторанындагы тамак-ашка ууланган жабырлануучу: "Бизге эч кандай акча төлөнүп берилген жок"

Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанындагы үлпөт тойдогу тамак-ашка ууланган Жамиля Качаганова администрация тарабынан дарыланууга бир дагы сом төлөнбөй жатканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Үй-бүлөбүздөн 9 адам бөлөбүздүн үлпөт тоюна барганбыз. Үйгө келген соң өзүбүздү жаман сезип, дене табыбыз 40 градуска чейин көтөрүлдү. Үч күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, андан соң палатага которулдук. Баш аягы тогуз күн ооруканада жатып чыктык. Арабыздан мен жана студент кызым катуурак ууланыптырбыз, азыр да толук жакшы боло албай жатабыз. Мени таң калтырганы ооруп жатканыбызда ресторандын администрациясынан келип биздин абалыбызды сурап койгон жок. Ар ким өзүнүн акчасына дарыланды. Мисалы, бизден 9 адам ооруканада жаттык. Анын чыгымы орточо эсеп менен 15 миң сомдон ашты. Убагында укук коргоо органдарына арыз менен да кайрылганбыз. Андан деле жыйынтык чыккан жок. Башында кеткен чыгымдарды төлөп берет деп айтып жатышкан. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Мен ресторан тийиштүү жоопкерчилик тартпаганы үчүн арыз жазайын деп жатам. Себеби ресторан кайра өз ишин жүргүзүп, иштеп жатыптыр. Учурда чындап келсе уулангандардын кээ бири дагы деле жакшы боло албай жаткандары бар", - деди Качаганова.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка 234 жаран ууланганы кабарланган. Массалык түрдө ууланууга жол берген "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылып, жетекчилерине 25 миң сом айып салынган. Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББи Кылмыш-жаза кодексинин 256 (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) жана 258-беренеси (коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү) менен кылмыш ишин да козгогон. Ал эми "Ала-Тоо" ресторанына 17-апрелде толугу менен дезинфекциялоодон өткөрүлгөн соң иштөөгө уруксат берилген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bekmaral
2018-05-10 20:37:58
Азыр акчам болсо адам олтуруп чыгып кетем дегендер да бар бизде закон иштебейт акчан коп болсо ошого карап соттор чечим чыгарышат.
+3
romaantik
2018-05-10 21:05:28
Ушундай бир ресторанга 25000 айып пул? Күлүп гана тим болдум
+2
take19
2018-05-10 22:34:20
Ууланганга ресторан күнөөлүү болбосо керек. Сырттан алып келген тоок эти же балыктан ууланган деп жатышпады беле.
-2
jbolotov
2018-05-11 00:28:08
Бизде жогорку кызматтагылардын бизнеси объектилери учун озунчо озгочо закон барда жоопкода тартылбайт уялбайтдагы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан